Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Рио-2016: эки күндө 26 медал топтому ээсин тапты


Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан жайкы отуз биринчи Олимп оюндарынын алгачкы эки күнүндө 26 медалдар топтому ойнотулуп, алар 29 мамлекеттин спортчуларына ыйгарылды. Бүгүн, 8-августта олимпиаданын үчүнчү күнү башталып, 14 топтом медаль ойнотулат. Спортчулар бүгүн көркөм гимнастика, дзюдо, фехтование, регби-7, ок атуу, оор атлетика, сууда сүзүү жана бийиктиктен сууга секирүү боюнча күч сынашышат.

Жалпы эсепте медалдар саны боюнча АКШ, Кытай жана Австралия алдыда келатат. АКШ спорчтулары үч алтын, беш күмүш, төрт коло, Кытай үч алтын, эки күмүш, үч коло, Австралия үч алтын үч коло байгеге ээ болгон. Орусия курамасы бир алтын, эки күмүш, эки коло менен жетинчи катарда.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан бир күмүш, бир коло байге менен 18-орунда келе жатат. Өзбекстан эки коло байге менен 28-катарда.

Кыргызстандан жайкы Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Азырынча алардын төртөө таймашка чыгып, эч кимиси медалга татыктуу боло албады. (ECh)

XS
SM
MD
LG