Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Жапон өкүмдары милдетин аткара албай калыш мүмкүндүгүн эскертти


Жапан императору Акихито президент Атамбаев менен.
Жапан императору Акихито президент Атамбаев менен.

8-августагы калкка видеокайрылуусунда император Акихито карылыгына байланыштуу милдетин аткаруу кыйын болуп жатканын билдирди. Бирок 82 жаштагы император кызматтан кетерин айткан эмес. Мунун өзү императорлукту мураскерге өткөрүп берүүнүн жаңы жол-жобосун иштеп чыгуу зарылдыгын билдирет.

Өткөн айда жапон маалымат каражаттары жүрөгүнө операция жасалган, башка дарттардан дарыланган Акихито падышалыктан кетүүнү көздөп жатканын жазган эле. Бирок Жапонияда тирүү императордун кызматтан кетүүсү каралган эмес, анын укуктук жол-жобосу аныкталган эмес. Бийлигин жараткандын өзү ыроологон деген ипмператор Жапонияда “элдин биримдиги” символуна ээ. Бирок өзүндө эч кандай саясий бийлиги жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG