Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Аксыда Ринжит каналына деп алынган түтүктөрдү өкмөткө өткөрүүгө эл каршы


Аксы районунун айрым тургундары Ринжит каналына деп келген түтүктөрдү кайра кайтарылышына каршы чыгышууда. Алар Кош-Дөбө айылындагы узундугу 5 миң метр, диаметри 1,13 метр келген түтүктөрдүн мамлекетке кайтарылышына нараазы болуп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын төрагасы Эргешалы Озокеев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, бул түтүктөр аймактагы Ринжит каналынын курулушуна деп 2003-жылы жергиликтүү калк чогулткан акчага Чүй облусунан жер алдынан казылып алынып келинген.

2004-жылы өкмөттүн токтому менен түтүктөр канал курулушуна деп “Аксы районунун өнүктүрүү фондуна” кайтарымсыз өткөрүлүп берилген. Жергиликтүүлөр элдин акчасына келген түтүктөрдү өкмөт жөн эле алып албай, аталган фонддон сатып алуусун талап кылышууда.

Район бийлиги Ринжит каналынын курулушу бүткөндүгүнө байланыштуу бул түтүктөрдү өкмөттүн балансына алууну сунуштаган. Бирок жергиликтүүлөр каналды куруу иштери толук кандуу аткарылбаганын белгилеп келишет. (RsK)

XS
SM
MD
LG