Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Чубак ажынын "ахмадийлер" тууралуу айтканы боюнча экспертиза корутундусу чыкты


Чубак ажы Жалилов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2011-жыл, ноябрь.
Чубак ажы Жалилов "Азаттык" радиосунун студиясында. 2011-жыл, ноябрь.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Акин Токтоналиев билдирди.

Ички иштер министрлиги муну бышыктап, мурунку муфтийдин "ахмадийлер" тууралуу айткан сөздөрүнө жасалган теологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, ал ошону менен таанышуу үчүн чакырылып жатканын маалымдады.

Былтыр жыл этегинде Ошто “ахмадий” агымынын бир мүчөсү киши колдуу болуп өлгөн. Ошол окуядан кийин маркумдун жакындары Жалилов бул агымды ачык каралап, диний кастыкты козутту деп тартип коргоо органдарына даттанган. Мурунку муфтий болсо “ахмадийлерди” “мусулман эмес” жамаат катары сыпаттап, бирок өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG