Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Москва: кыргызстандыктардын тойдогу мушташы боюнча кылмыш иши козголду


Москвада үлпөт тоюндагы ок атышуу менен коштолгон тополоң боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренесине ылайык иш козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Азырынча кылмышка шектүү делип эч ким кармала элек.

Окуя 8-августка оогон түнү болгон. Тойго келген кыргызстандык жаштар эки топко бөлүнүп мушташкан. Орусиянын полициясы билдиргендей, андан беш адам жабыркап, алардын бири белине ок жеген. Бирок жабыр тарткандардын баары алгачкы медициналык жардамды гана алышып, ооруканага жатуудан баш тартышкан. Москванын түштүк тарабындагы кафелердин биринде өткөн тойдогу мушташ келин менен күйөөнүн туугандарынын кайым айтышуусунан чыкканы кабарланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG