Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

Кыргызстан жаштарынын дүйнөлүк курултайы өтөт


Алгачкы жолу эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткан жаштар курултайы 11-августта Бишкекте башталып, андан кийин Ысык-Көлдө уланат. Төрт күндүк иш-чара спорт, бизнес, илим жана маданият тармактарындагы миңден ашык жаш лидерлердин башын бириктирет. Ага 18ден 35 жашка чейинки коомду өнүктүрүүгө ынтызар, башкаларга үлгү болуп, чет жактарда ийгиликтүү иштеп жүргөн жаштар чакырылган.

Аны жаштардын «Kyrgyz Union» тобу уюштуруп, Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү, Маданият министрликтери колдоо көрсөткөн. Уюштуруучулардын бири Талгат Молдалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, курултайдын соңунда жаштардын демилгелерин, сунуштарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу боюнча резолюция кабыл алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG