Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Чаткалда селдин кесепетин жоюу уланууда


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абаддын Чаткал районунда 6-августта жүргөн селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 8-август күнү сел кесепетин жоюу жана калыбына келтирүү иштери жүрдү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Жыйынтыгында 15 турак-жайдын айланасы, 100 метр аралыкта сел каптаган сайлардын нугу тазаланды. Бул иштер улантылууда.

Ошондой эле 137 адамдын саламаттыгы текшерилип, психологиялык жардам көрсөтүлдү.

6-августта катуу жааган жамгырдан улам Чаткал районунун Терек-Сай айылында сел жүргөн. Анда 26 турак-жайдын короолорун сел каптап, төрт турак-жайдын ичине суу кирген. Мырзабаев айылында 3 жеңил унаан баткактын ичинде калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG