Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Cалык кызматы “Кумтөрдүн” маалыматын четке какты


Мамлекеттик Салык кызматы “Кумтөр Голд Компаниде” салыктык мыйзам бузуулар болбогону тууралуу маалыматты четке какты. Мындай билдирүүнү аталган кызматтын маалымат катчылыгы таратты. Маалыматка ылайык, “Кумтөр Голд Компани” Салык кызматына шилтеме берип, ишкана эч кандай салыктык мыйзам бузбаганы тууралуу пресс-релиз тараткан.

Бирок Салык кызматы бул маалыматты четке кагып, 2014-2015-жылдардагы текшерүү жыйынтыгы менен аталган компания 37 млн сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталып, аталган каражатты төлөп берген.

Ошондуктан, Салык кызматы “Кумтөрдүн” эч кандай салык мыйзамын бузбаганы тууралуу маалыматы чындыкка жатпай турганын эскертүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG