Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Республикачыл эксперттер тобу Трампты АКШ үчүн кооптуу деп атады


Доналд Трамп
Доналд Трамп

Доналд Трамп АКШ үчүн кооптуу. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук мекемелеринде иштеген 50 чакты республикачыл аткаминердин жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.

Алар өзүнүн партиялашы Трампка мамлекетти башкаруу үчүн "бекемдик, тажрыйба жана баалуулуктар жетишсиз" деп эсептешет.

"Эгер Трамп шайланып калса ал АКШ тарыхындагы эң акылсыз президент болот жана өлкөнүн коопсуздугу менен бейкуттугуна коркунуч жаратат" деп айтылат The New York Times гезитинде жарыяланган билдирүүдө.

Ошону менен катар алар демократ Хиллари Клинтонго да добуш бербей турганын айтышты.

АКШда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 70 жаштагы республикачыл Доналд Трамп жана 68 жаштагы демократ Хиллари Клинтон ат салышууда (RK)

XS
SM
MD
LG