Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Пакистанда адвокаттар иш таштады


Кветта шаарындагы теракттан 70 адам керт кеткен

Кветта шаарындагы теракттан 70 адам керт кеткен

Пакистанда адвокаттар ишке чыгуудан баш тартууда. Алар Кветта шаарындагы ооруканага кол салуудан каза тапкан 70 адамдын 60 юристтер болгонун айтып бүгүн борбор калаа Исламабадда Жогорку Сот имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү.

Кечээ, 8-августта Кветта шаарынын ооруканасына жасалган чабуулдан 70 адам набыт кеткен. Алардын көбү Белужистан адвокаттарынын ассоциация башчысы, окко учкан адвокат Билал Кашинин жакындарына көңүл айтуу үчүн барган юристтер болчу.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террорчул топ алды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG