Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Delta Airlines компаниясынын иши толук калыбына келе элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Delta Airlines авиакомпаниясынын иши толугу бойдон калыбына келе элек. Бүгүн АКШда 100гө жакын рейс токтотулду.

8-августта компаниянын компьютердик системасы бузулуп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө учактар токтогон. Мунун айынан Жапония, Италия, Улуу Британиядан жана АКШнын ичинде учууга камданган миңдеген жүргүнчүлөр аэропорттордо топтолгон.

Жалпысынан 740 рейс токтогон.

Компаниянын расмий маалыматына караганда, күтүүгө аргасыз болгон ар бир жүргүнчүгө 200 доллардан компенсация төлөнүп берилет.

Delta Airlines жыл сайын 200 миллионго чукул жүргүнчүнү тейлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG