Линктер

Түркиянын баш калаасы Анкаранын борбордук аянты Кызылай мындан ары 15-июлда мерт кеткен жарандардын элесине арналган аталышты алып жүрмөй болду. Мэриянын маалыматына караганда, аянт эми "15-июлдагы улуттук эрк аянты Кызылай" деп аталат.

Ошону менен катар дагы айрым көчөлөр менен аянтчалардын аталышы өзгөртүлүп, аларга 15-июлда мерт кеткендердин ысымы ыйгарылды.

Ал эми Фетхуллах Гүлен атындагы көчө эми Гүлдалы деп аталат.

15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Бийлик бул үчүн бозгундагы оппозиционер, диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Ал өзү түрк бийлигинин мындай айыптоосун негизсиз деп атап келет.

270 адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетине байланыштуу камалгандардын саны бүгүнкү күндө 20 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG