Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Орусияда IKEA кеңсеси кайрадан тинтүүгө алынууда


Швециялык IKEA компаниясынын Москвадагы кеңсесинде бүгүн тинтүү жүрүп жатат. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, тинтүү мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жүрүүдө.

IKEA адвокаты Семен Шевченконун айтымында, күч түзүмдөрү талаш жер тилкесине байланыштуу 1993-жылы түзүлгөн документтерди изилдеп жатат.

Борбордук кеңседе тинтүү быйыл жазында да жүргөн. Анда IKEA жетечилиги бийлик аларга тиешелүү жерди тартып алууга аракет жасап жатат деп билдирген.

Компания менен жер талаш маселеси 20 жылдан бери уланып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG