Линктер

Быйыл биринчи жарым жылдыкта Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер менен товар алмашуусу 30% кыскарды. Өлкөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акчалай түрдө бул көрсөткүч 4,6 миллиард долларды түздү.

Экспортко караганда импорт жогорулоодо. Finprom аналитикалык сайты билдиргендей, импорттун көлөмү дээрлик 2 эсе көбөйдү.

Алгач Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн ЕАЭБ уюмуна учурда Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө.

Кыргызстан ага киргенине бир жыл болду. Жакында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан бул уюмга даярдыгы жок кирип алганын билдирди. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG