69 кг салмакка чейинки оор атлетчилер мелдешинде кыргызстандык Иззат Артыков коло медалды жеңди. Бул - кыргызстандык спортсмендердин Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимпиададагы эң алгачкы медалы. Эки жолку көнүгүүдө Иззат Артыков 339 килограмдык салмакты багындырды. Мелдештин алтын медалы кытайлык атлетке, күмүш медаль түркиялык спортсменге тийди.