Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

АКШ Сауд Арабияга курал сатуу келишимин жактырды


АКШнын мамлекеттик департаменти дүйшөмбүдө жактырган келишим боюнча, Сауд Арабияга 153 танк, эки жүздөн ашык пулемет жана башка курал-жарактар, брондолгон автоунаалар сатылат. Пентагондун маалыматына ылайык, анын жалпы суммасы 1,15 млрд долларга бааланууда. Расмий Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өнөктөшүн колдоо аркылуу аймактагы коопсуздукту сактоо аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Сауд Арабия Сирия менен Иракта өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшкөн колаициянын курамында. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү Йеменде хусит козголоңчуларга да абадан сокку уруп келет.

XS
SM
MD
LG