Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Косово: оппозиция парламент жыйынын үзгүлтүккө учуратты


Косоводо көздөн жаш агызуучу газ ташталып, парламенттин 9-августтагы жыйыны токтотулду. Оппозиция Черногория менен чек араны демаркациялоо жөнүндөгү келишимди кабыл алууга тоскоол болууда. Бул учурда бир нече киши парламент имаратына таш ыргытканы да кабарланды. Премьер-министр Иса Мустафа белгисиз адамдар чек ара маселеси боюнча комиссиянын башчысынын үйүнө жардыргыч зат орнотуп кеткенин билдирди.

Буга чейин Косово оппозициясы парламент жыйынында Черногория-Косово чек арасы тууралуу маселени талкуулатпай койгон. Чек ара боюнча келишим өлкө атуулдарына Евробиримдикке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок ага каршы чыккандар чек араны демаркациялагандан кийин Косово сегиз миң гектардан ашуун жеринен айрылат деген позицияда турушат.

Сербиянын мурдагы автономдуу аймагы болгон – Косово көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. Республиканы Шенген келишиминдеги үч өлкө – Испания, Греция жана Словакия тааныган эмес. Бул мамлекеттерге Косово жарандары өзүнчө виза менен барышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG