Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Президент оор атлетчи Иззат Артыковду куттуктады


Рио-де-Жанейродо коло медал утуп алган кыргызстандык Иззат Артыковду президент Алмазбек Атамбаев телефондон куттуктады. Мамлекет башчы спортчунун бул ийгилиги Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Артыковду куттуктаган учурунда: “Эрте таңдан миңдеген кыргызстандыктар түз эфирди тиктеп, сени колдоп турушту. Сенин татыктуу жеңишиң өлкөң үчүн сыймык. Кыргыз жаштарына дем-күч берет. Сен менен сыймыктанабыз!”- деп белгилеген.

23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан 31-Жайкы Олимп оюндарында 9-август күнү коло медал утуп алган. (SE)

XS
SM
MD
LG