Линктер

Бул тууралуу 9-августта АКШнын куралдуу күчтөрү кабарлады. Маалыматка караганда, июль айында Нангархар провинциясында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жоочулары менен болгон урушта АКШнын атайын багыттагы бөлүгүнүн беш жоокери жарадар болгон.

Аскерлердин өмүрүнө коркунуч келгенге байланыштуу анда кээ бир курал-жарактар уруш болгон жерге калтырылып, позиция өзгөртүлгөн. Жоочулар мына ошол жерде калып кеткен америкалык курал-жарак, күбөлүк жана башка жабдууларды көрсөтүшкөнүн АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматынын өкүлү Чарльз Кливленд билдирди.

Буга чейин Ооганстандагы ИМ тобу америкалыктардан курал-жарак, ок-дары жана жабдууларды тартып алышканын көрсөтүп жарыялашкан. (AiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG