Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Орусия жана Британия лидерлери жолугушууну сүйлөштү


Орус президенти Владимир Путин жана Британия өкмөт башчысы Тереза Мей жакынкы мезгилде жолугуп, эки тараптуу мамилени жакшыртуу боюнча сүйлөшүүнү макулдашканын Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Лидерлер 9-августта телефон аркылуу сүйлөшүп, келерки айда Кытайда өтө турган 20 мамлекеттин саммити учурунда жолугушууну макулдашкан. Британия менен Орусия мамилеси Украина, Сирия кризиси жана Орусиянын аскерий учактарынын Британия жээктерине жакын учушуна байланыштуу чыңалуу абалына келген. Телефон аркылуу сүйлөшүүнү демилгелеген Британия өкмөт башчысы Орусия менен Британия ортосундагы пикир келишпестиктерге карабай, эки тарап үчүн маанилүү болгон маселелерди ачык сүйлөшүүнү жактаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG