Линктер

АКШда Республикалык партиянын талапкеринин билдирүүсү чуу жаратты


Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон

Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп “Хиллари Клинтон АКШ Конституциясы уруксат берген курал алып жүрүү укугун жокко чыгарууну көздөйт, балким курал алып жүрүүнү каалагандар буга карата бир нерсе кылат”, - деп 9-августта билдирген. Трамптын бул сөзү социалдык түйүндөрдө чоң талкууну жаратып, "Трамп Клинтонду өлтүрүүгө чакырууда" дегендей пикирлер да айтылган. Дональд Трамп андай чакырык менен чыкпаганын, аны сөзү курал алып жүрүүгө укук берген Конституциянын талаптары сакталышы керек дегендер уюшуп, добуш бериши керек дегенди туюнтаарын билдирди. Азыркы мезгилде Дональд Трамп Клинтон айымдан 8% артта экенин социалдык сурамжылоолор көрсөтүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG