Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Анкара Орусия менен Сирия маселеси боюнча бекем кызматташат


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 10-августта билдирди. Анын айтымында, Сириядагы согушту токтотууда Анкара менен Москванын көз карашы окшош. Чавушоглунун бул билдирүүсү түрк жана орус президенттери 9-августта Санкт-Петербургда жолугушкандан кийин жасалды. 10-августа эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин сүйлөшүүсү уланды.

Орусия Сирия президенти Башар Асадды колдосо, Түркия ага каршы. "Орусия менен мамиленин жакшыруусу Батышка карай жасалган белги эмес" деди Чавушоглу.

15-июлда Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлигинин каршылаштарына карата кескин чараларды кабыл алуусу Батыш жана АКШ тарабынан сынга алынган. Чавушоглу Европа Биримдигинин сыны олуттуу катачылык болгонун айтып, анын айынан түрк калкында Европа Биримдигине кошулууну каалагандар кыскарганын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG