Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Раушан Сейткасымова президенттик аппараттын бөлүм башчылыгына дайындалды


Раушан Сейткасымова президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган кызматта Айбек Кадыралиев иштеген. Ал өткөн жумада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына төрага болгон.

Сейткасымова мурда Улуттук Банктын расмий өкүлү болуп эмгектенген. (SE)

XS
SM
MD
LG