Линктер

Орусия украин аскерлери даярдаган теракттарды алдын алганын билдирди


ФСБнын 10-августтагы кабарлоосуна караганда, Крымда Украина Куралдуу күчтөрүнүн диверсанттар тобу кармалды. Алар жарым аралдагы маанилүү объекттерде теракт жасоону көздөгөн деп аталууда. Маалыматка караганда, Крымдагы Армянск шаарында 6-августан 7-августка караган түнү диверсанттарды кармоо учурундагы кагылышууда ФСБнын бир кызматкери набыт болгон. Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын кызматы андай маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. (AiT)

XS
SM
MD
LG