Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстан жаштарынын эл аралык курултайы башталат


Алгачкы жолу эл аралык деңгээлде өтө турган жаштар курултайы бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ачылат. Андан кийинки күндөрү Ысык-Көлдө уланат. Төрт күндүк иш-чара спорт, бизнес, илим жана маданият тармактарындагы миңден ашык жаш лидерлердин башын бириктирет. Уюштуруучулардын бири Талгат Молдалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, курултайдын соңунда жаштардын демилгелерин, сунуштарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу боюнча резолюция кабыл алынат.

Ага 18ден 35 жашка чейинки коомду өнүктүрүүгө ынтызар, башкаларга үлгү болуп, Кыргызстанда жана чет жактарда ийгиликтүү иштеп жүргөн жаштар чакырылган.

Курултайды жаштардын «Kyrgyz Union» тобу уюштуруп, Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү, Маданият министрликтери колдоо көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG