Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Кадамжайлык кишиге кол көтөргөн үч милиционер кызматтан бошотулду


Милиция кызматкери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Милиция кызматкери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Кадамжай районунун жашоочусун ур-токмокко алган үч милиция кызматкери ички иштер органдарынан бошотулду. Ошондой эле райондук милициянын башчысына жана орун басарына катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, райондун Өрүкзар айылынын Нургазы Сарытаев прокуратурага арыз менен кайрылып, аны милиция кызматкерлери эч негизсиз ур-тепкиге алганын билдирген.

ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы аталган арызды териштирип, милиция кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, мыйзам бузганын аныктаган.

Бул окуя боюнча Кадамжай райондук прокуратурасы “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу менен оор кесепетти келтирүү”, “опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козголгон. Учурда бул иш тергилүүдө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG