Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Орусиялык жаранга паспорт жасап берүү боюнча кылмыш иши козголду


Орусияда белгилүү боксчу Иван Климовду өлтүрүүгө шектүү адамдын атасына Кыргызстанда мыйзамсыз паспорт берилген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигининен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 56 жаштагы цыган улутундагы адам Мамлекеттик каттоо кызматынан паспорт жасатып алган. Бул Ички иштер органдары жүргүзгөн иликтөө учурунда ачыкка чыккан жана ал Орусиядагы белгилүү боксчу Иван Климовду өлтүрүүгө шектүү Ян Лебедовдун атасы экени аныкталган. Лебедов өзү да 2013-жылы жасалма паспорт менен Кыргызстанда жүргөн жеринен кармалган эле.

Бул окуя боюнча мыйзамсыз паспорт даярдоо фактысы боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG