Линктер

Ош: жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен кыз кармалды


Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 10-августта Ош шаарындагы Н. Байтемиров көчөсүндө таштанды урнасынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын кездемеге оролгон жансыз денеси табылган. Ташталган наристе айына жетпей төрөлгөнү аныкталган.

Бул боюнча жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында ымыркайдын энеси кармалды. Ал 22 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну экени, турмушка чыкпай кош бойлуу болуп калып, ымыркайды боюнан алдырганы аныкталган. Оштогу төрөтканалардын биринде боюнан алдырып, ымыркайдын сөөгүн таштандыга ыргыткан деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG