Линктер

Патрулдук милиция Renault үлгүсүндөгү кызматтык унааларды сатып алат


Ички иштер министрлиги Патрулдук милиция үчүн 2016-жылы чыккан Renault Logan үлгүсүндөгү кызматтык унааларды сатып алат. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин кызматтык унааларды сатып алу боюнча атайын тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгында 36 миллион сомго 65 даана Renault Logan үлгүсүндөгү унаа сатып алуу чечими кабыл алынган. Бул унааларды «Азия Моторс» аттуу компания Кыргызстанга алып келмекчи. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG