Линктер

Сочиде ЕАЭБге мүчө өлкөлөр соода жүгүртүү маселелерин талкуулайт


Орусиянын Сочи шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Маалыматка караганда, анда ЕАЭБдин бирдиктүү соода тармагын жана дары-дармек соодасындагы кызматташуу маселеси каралат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Сочиге учуп кетти. Жыйын алкагында орус-кыргыз өкмөттөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу да болот.

ЕАЭБге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG