Линктер

Италия: мафияга табакташ шаарлардын бийлиги таратылды


Италия өкмөтү шаршембиде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында Корлеоне жана дагы үч шаардын муниципалитетин таратты. "Сицилия аралындагы Корлеоне дүйнөгө чыныгы жана ойдон чыгарылган мафиялардын очогу катары белгилүү" деп кабарлайт Рейтер.

Корлеоне жазуучу Марио Пьюзонун (“Крестный отец”) чыгармасындагы мафиялардын кичи мекени. Ошондой эле шаардан Бернардо Провенцано жана Сальваторе Риина аттуу канкор мафия башчылары чыккан.

1991-жылдан быйылкы июнь айына чейин Италияда 212 шаар кеңеши ишмердигине мафия аралашкан деген негизде таратылган.

1992-жылы мафиянын ишин иликтеген көрүнүктүү эки юристтин өлтүрүлүшү Италияны дүрбөлөң түшүргөн. Ошондон кийин өкмөт катуу чараларды көрүп, Сицилияда мафиянын таасири кескин азайган.

XS
SM
MD
LG