Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49

"Түркия Батыш менен Москванын ортосундагы чыңалган абалга карабастан Орусия менен мамилесин өнүктүрө берет", - деди 11-августта өлкөнүн Орусиядагы элчиси Үмит Ярдым.

“Орусия менен мамиле биз үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан Батыштын каалоосу бар же жогуна карабай, аны өнүктүрүү үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрөбүз”, - деди элчи.

Ошондой эле ал Түркиянын НАТОдогу мүчөлүгү буга таасир этпей турганын кошумчалады.

Эки өлкө өткөн жылдын ноябрында араздашып, быйыл июнда жарашкандан бери мамилелерин калыбына келтирүү аракетинде. Экономикалык байланыштан тышкары лидерлер Сирия маселесинде тил табышууну көздөп жатышат.

Азырынча бул маселеде эки өлкө принципиалдуу кайчы позицияда. Түркия Сириядагы Башар Асаддын режими кулашына кызыкдар болуп, оппозицияны колдоп келет. Орусия Асаддын өкмөтүнө жардам берип, куралдуу оппозицияга сокку урууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG