Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Германия коопсуздукка байланыштуу жаңы чараларды сунуштады


Берлин, Германия
Берлин, Германия

Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер терроризм коркунучуна байланыштуу кош жарандуулукту жоюу, кооптуу деп табылган чет өлкөлүктөрдү депортациялоону тездетүү, паранжа кийүүгө тыюу салуу жана башка эрежелерди сунуштоодо.

Бул сунуш өткөн айдагы Мюнхендеги тогуз адамдын өмүрүн алып, 35ин жарадар кылган, андан сырткары поездде жана музыка фестивалындагы чабуулдардан улам ишке кирген.

Ошондой эле де Мезьер айрым күч түзүмдөрүнө кошумча кызматкер тартуу маселеси каралып жатканын айтты.

Айрым маалымат каражаттары Германия согуштан качып, башпаанек сурап келгендердин социалдык тармактардагы аккаунттарын электен өткөрүп турууну көздөп жатканын да жазууда.

XS
SM
MD
LG