Линктер

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө каршылык билдирип чыкканына жооп кайтарды. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер бийликке диктаторлордун келишине каршы багытталганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ниязов азыркы Конституцияда президенттин жеке сапаты өтө чоң ролду ойноп жатканын, көпчүлүк маселелер анын эрки, ишбилгилиги жана моралдык сапаттарына көз каранды болуп жатканын кошумчалады:

- Эгерде Атамбаевдин ордуна башка адам президент болуп калса, анда кырдаал таптакыр башка болмок да. Мына Өмүрбек Чиркешович ар кандай конфигурациялык топторду бүлүндүрүү аракетин көрүп келгенин моюнга алса, президент күчүн бардык саясий күчтөрдү, Кыргызстан элин бириктирүүгө жумшады. Кыргызстанга тынчтык жана стабилдүүлүк ушул жол менен келди да. Анан турмушта мындай болот экен, бирөөлөр бүлүндүрүүгө чуркап жүрсө, экинчилери тескерисинче бүтүндүктү жогору коет. Ошон үчүн бүгүнкү күндөгү кырдаал референдумду четке какпайт.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликти өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга умтулуп жатканын айткан эле. Текебаев Кыргызстан референдум өткөрүү менен 2010-жылга чейинки кырдаалга туш болушу мүмкүн экенин эскерткен. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG