Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

11-августта жарыялаган кезектеги ар айлык баяндамада Эл аралык энергетика агенттиги (ЭЭА) эмки жылы мунайга талап күнүнө 1,2 млн баррелге гана жетерин айтты.

Бул бир ай мурдагы болжолдон жүз миң баррелге аз.

Ал болжолдун өзгөрүшү Эл аралык валюта корунун июлдагы прогнозуна байланыштуу болду. ЭВФ Британиянын Евробиримдиктен чыгышынан улам кийинки жылы экономикада өсүү күтүлгөндөн азыраак болот деген.

Июль айында ОПЕКке кирген да, кирбеген да өлкөлөр мунай өндүрүүнү жана экспорттоону көбөйткөн. Жалпысынан 2016-жылы дүйнөдө күн сайын 1,4 млн баррелден мунай өндүрүлүүдө.

Ушу тапта Брент үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 45 доллардан сатылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG