Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Порошенко Путин менен түздөн түз сүйлөшүүнү көздөөдө


Украина президенти Петро Порошенко Орусия президенти Владимир Путин менен түздөн түз сүйлөшүү ниетин билдирди.

Бул үчүн 11-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Путин, Франция президенти Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркел, АКШ вице-президенти Жо Байден жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен телефондук байланыш уюштурууга тапшырма берилди.

10-августта Орусия "украиналык чалгынчылар Крымда теракт уюштурмай болгон" деген билдирүү тараткан. Ошондон кийин эки тараптын каршылашуу аракеттери күчөдү.

Орусия чагымчылдык кылууда деген Украина Крым жана Донбасс жактагы аскерлерин эң жогорку күжүрмөн даярдыкка өткөрдү. Жана түштүгүндө, Крым тарапта аскердик машыгууларын өткөрүүдө.

Орусия Украинаны террордук аракеттерге айыптап, Крымда коопсуздук чараларын күчөткөнүн жана Кара деңизде аскер машыгууларын баштаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG