Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Рио-2016: Краковецкий менен Маслова таймашка чыгат


Коло медалды уткан Иззат Артыков
Коло медалды уткан Иззат Артыков

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык спортчулардын мелдеши уланат. Бүгүн дзюдочу Юрий Краковецкий жана жеңил атлетчи Дарья Маслова күч сынашат.

21-августка чейин улана турган Олимп оюндарында алдыда балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Руслан Царев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазаревдин таймаштары бар. Ошондой эле жеңил атлетчилер Илья Тяпкин, Юлия Андреева, Ксения Полюдина, Мария Карабицкаялар да катышат.

9-августта 23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен мекенине кайтты. Жалпысынан Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Буга чейин алардын бешөө жарым финалга өтө албай оюндардан четтеген. (NT)

XS
SM
MD
LG