Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Сауд Арабиянын билдирүүсүнөн кийин мунай кымбаттады


Сауд Арабиянын мунай базарын турукташтыруу чараларын талкуулоого даярдыгы тууралуу жарыясынан кийин дүйнөлүк базарда кара майдын баасы 4 пайызга жогорулады. Маселен, Лондон биржасында Brent үлгүсүндөгү кара май 46 долларга чейин көтөрүлүп, кайра ылдыйлаган. Аталган өлкөнүн энергетика министри Халид Фалих 11-августта сентябрдын этегинде Алжирде өтүүчү Эл аралык энергетикалык форумдун алкагындагы бейформал жолугушууларда мунай базарын стабилдештирүү боюнча “мүмкүн болгон бардык чаралар” талкууланарын билдирген.

Кечээ Эл аралык энергетика агенттиги кезектеги баяндамасында эмки жылы мунайга талап азайып, күнүнө 1,2 млн баррелге гана жетерин маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG