Оштон Бишкекке келаткан аскерлер түшкөн чоң автоунаа кырсыкка учурады.
Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Көк-Бел ашуусунда 16 аскер түшкөн унаанын тормозу кармабай калып, кырсыкка учураган. Натыйжада жети аскерге медициналык жардам көрсөтүлдү.Учурда төрт аскер ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канааттандыраарлык. Кырсыктын себептери териштирилүүдө. (BkA)