Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Авиация департаментинин төрага орун басары Токтобеков кызматтан алынды


Жарандык авиация департаментинин төрага орун басары Токтобеков кызматтан алынды. Мындай буйрукка Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кол койгон.

Буга чейин министрлик алдындагы Жарандык авиация департаментинде чыр чыккан эле. Анда мекеменин жетекчиси Эрмек Өмүралиевди анын орун басары Мураталы Токтобеков өз кызыкчылыгын көздөп тааныш-билиштерин жооптуу кызматка коюуга аракет жасап жатат, мындан улам жамаат бөлүнүп-жарылып калды, мыйзамсыз иштерге жол берүүдө деп даттанып чыкты жана президентке чейин арыз жазган.

Өмүралиев болсо доомат айткан тарапты ишти атайлап үзгүлтүккө учуратып, кыянатчылык кылып жатканын билдирип келген.

Кечээ министр Айдаров Мураталы Токтобековду ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алды. (BkA)

XS
SM
MD
LG