Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Орусия Кара деңизде ири аскерий машыгуу баштады. 2,5 миңдей деңиз аскери бүгүн таң эрте күжүрмөн даярдыкка келтирилип, полигон, аэродром жана атайын жайларда машыга башташты.

Учурда Орусия менен Украинанын ортосунда кайрадан чыңалуу өкүм сүрүүдө. 7-августта орус тарап "Крымда террордук чабуул даярдап жүргөн украиналык диверсанттарды" кармаганын жарыялаган. Киев Москванын бул билдирүүсүн четке кагып, кечээ Орусия менен чектеш аймактарындагы аскерлердин согушка даяр туруусун буйруган.

Эки өлкө ортосундагы соңку кырдаалга байланыштуу АКШ тараптарды сабырдуулукка, кескин кадамдарга барбоого чакырган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Ошондон бери басылбай келаткан согуштан Донецк жана Луганск аймактарында 9,5 миң жай тургундун өмүрү кыйылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG