Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Орусияда “кара тизмеге” киргендерди чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө


Бул тууралуу Миграция кызматынан төрага орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө жетекчилиги Орус бийликтерине бул өлкөдө “кара тизмеге” кирген мигранттарды чыгаруу боюнча кат менен кайрылды. Каттын негизинде бул жаатта жылыштар болот деп күтүлүп жатканын Асанбаев кошумчалады.

Расмий маалымат боюнча 2015-жылдын башында Орусияда иштеп жүргөн жарандар арасынан 119 миң киши “кара тизмеге” киргизилген. Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 74 миңге чейин төмөндөтүлдү.

Орусия өз аймагында иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын эреже жана мыйзам бузгандарын “кара тизмеге” киргизип, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG