Линктер

Канада полициясы теракт жасоону пландаган адамды жок кылганын билдирди


Окуя болгон жерди полиция кайтарууда

Окуя болгон жерди полиция кайтарууда

Канада полициясы теракт жасоону көздөп жаткан адамды жок кылганын билдирди. Маалыматка караганда, ал тууралуу кабар АКШнын Федералдык иликтөө бюросунан келип түшкөн.

Аарон Драйвер аттуу адам Онтарио провинциясында колго жасалган бомба менен жакынкы сааттарда өзүн өзү жардырууну пландап жатканы айтылууда. Ал колго түшүрүү операциясында жеген октон каза тапты.

Полициянын маалыматына караганда, ал өзүн Харун Абдурахман деп тааныштырчу жана 2014-жылы Твиттерде "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топту колдогон жазууларына байланыштуу кармалган. Бирок коомдук тартипти бузбоо убадасы менен кайра кое берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG