Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда инсулинге муктаж 16 миңден ашык адам бар


Кыргызстанда инсулинге муктаж 16 миң 693 бейтап бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кант диабетинен жабыркаганга Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын тендердин негизинде инсулин сатып алат. Быйыл 169 миллион сом бөлүнүп, ага жетиштүү сандагы инсулин сатып алынган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул органдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиевдин маалыматын четке какты. Мекеменин маалыматында, сатып алынган инсулиндер 2018-жылга чейин жарактуу.

Буга чейин Султангазиев Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптарга мөөнөтү өткөн инсулиндер берип жатканы боюнча маалымат тараткан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG