Линктер

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушууда


Сочи

Сочи

Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Сочиге чогулган өкмөт башчылар тар чөйрөдө сүйлөшүп жатышат. Кечке жуук кеңейтилген жыйын болуп, анда алты маселе каралары маалымдалды.

Анда Бажы кодекси боюнча макулдашуу долбоорун мамлекеттер ичинде өз алдынча карап чыгуу шарттары, товар алмашууну жөнөкөйлөштүрүү, дары-дармек соодасын жөнгө коюунун абалы, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагына товар ташууда жаралган көйгөйлөр сыяктуу маселелер каралат. Жыйынга катышууга кыргыз премьери Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 11-августта барган. Бир күндүк саммиттен соң Жээнбеков менен Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жолугушат.

Жолугушуу 1+5 форматында өтүп, эки тараптан тең премьер менен кошо бештен өкүл катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG