Линктер

Францияда сууга мусулман кийимчен түшүүгө тыюу салынды


Буркини кийген аял

Буркини кийген аял

Франциянын Канн шаарынын бийлиги аялдардын пляжга буркини кийип келүүсүнө тыюу салды. ABC News агенттигинин маалыматына караганда, шаардын мэри Давид Лиснар "аялдын кайсы динди карманарын баса белгилеген бул кийим адептүүлүк эрежелерине жооп бербейт жана коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши ыктымал, бул үчүн айыппул төлөш керек" деп билдирди. Пляжга чоң баштык көтөрүп келүүгө да уруксат жок.

Мындай тыюу былтыр күздөн бери Франциянын бир нече жеринде исламчыл террористтер уюштурган, жүздөгөн жай тургундун өмүрүн алган террордук актыларга байланыштуу киргизилди.

Буркини - шарият талаптарына ылайык аялдын денесин жапкан, сууга түшүүчү костюм.

Францияда коомдук жайларда бетин чүмкөп жүрүүгө да тыюу салынган.(RK)

XS
SM
MD
LG