Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Жээнбеков ЕАЭБ ичинде көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү сунуштады


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр ортосунда башында макулдашылган сүйлөшүүлөр ишке ашпай жатканын, мындай абал уюмдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн Сочиде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

- Соода алмашуу багытында тоскоолдуктар жоюла элек. Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечилбей келүүдө. Бирдиктүү транспорттук аймак, жүк ташуу маселеси көйгөй бойдон калууда. Тоскоолдуктарды жаратуунун ордуна бирдиктүү соода тармагын зыяндуу атаандаштыктан сакташыбыз керек,- деген Жээнбеков уюмга мүчө ар бир мамлекет өз улуттук кызыкчылыктарын коргоого акылуу экенин кошумчалады.

Бүгүн Сочиде Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Армения жана Орусия премьер-министрлери катышууда.(BkA/SE)

XS
SM
MD
LG