Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий бүгүн, 12-августта Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында алгачкы атаандашын жеңди. 100 килограммдан жогорку салмакта күч сынашкан Краковецкий биринчи беттешинде германиялык Андре Брейтбарх менен таймашып, эки мүнөттүн ичинде таза иппон менен жеңишке жетти. Кыргызстандык дзюдочу алдыда жарым чейрек финалда украиналык Йаков Хаммо менен беттешет.

Бүгүн, 12-августта кыргызстандык жеңил атлетчилерден Дарья Маслова 10 миң метрге жарышка чыгат. Маслованын таймашы Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:10до башталат.

21-августка чейин улана турган Олимп оюндарында алдыда балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Руслан Царев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазаревдин таймаштары бар. Ошондой эле жеңил атлетчилер Илья Тяпкин, Юлия Андреева, Ксения Полюдина, Мария Карабицкаялар да катышат.

9-августта 23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен мекенине кайтты. Жалпысынан Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Буга чейин алардын бешөө оюндардан четтеген. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG