Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

#Сүйүнчү3эм кайрымдуулук акциясы башталды


Ошто эки жолу эки жолу эгиз төрөп, жакында 3 эмди жарык дүйнөгө алып келген келинге каржылык колдоо максатында сүйүнчү пул чогултуу акциясы жүрүп жатат. Бул тууралуу аны уюштуруучу Нургазы Мусаев “Азаттык” радиосуна билдирди. "#Сүйүнчү3эм" деп аталган акцияга катышуучулар "Элсом" менен акча чогултушат. Топтолгон каражат 22-августта журналисттердин катышуусунда ымыркайлардын энесине тапшырылып, салым кошкондордун аты-жөнү жарыяланат.

Ошто жаш жубайлар Ниязбек Туманов менен Элмира Сулайманкулова жакында үч эмдүү болушкан. Ага чейин Элмира 2009 жана 2012-жылдары эгиз төрөгөн. (SE)

Жалаң эгиздер төрөлгөн үй-бүлө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

XS
SM
MD
LG