Линктер

Орусия Крымга S-400 коргонуу техникаларын жайгаштырды


Орусия аннексияланган Крым аймагына аба соккуларына каршы S-400 системасындагы техникаларды жайгаштырды. Бул тууралуу Орусиянын Түштүк аскерий аймагынын кабарына таянып, жергиликтүү маалымат булактары билдирди.

Москва Крым жарым аралына орнотула турган коргонуу техникалары жөнүндө өткөн айда жарыялаган болду.

S-400 системасы аба соккуларына каршы көзөмөл жүргүзөт. Анын радиусу бир канча жүз километрди камтыйт.

XS
SM
MD
LG